Жигит ата-энеси менен тааныштырганы үйүнө сүйгөн кызын алып келет. Инсультка кабылган атасы ал кызды көрүп, экөөнүн ортосундагы болгон окуя эсине түшөт. Бир убакта бул кыз ал үчүн анын орхидеясы, гүлдөрдүн ханышасы эле.
«Мыйзамдагы уурунун» уулу Аманат балдар үйүндө чоңоёт. Себеби учурунда кылмыштуу чөйрөдөгү тирешүүлөрдө «мыйзамдагы уурунун» үй-бүлөсү туш тарапка чачыраганга аргасыз болгон. Бирок кийин тагдыр аларды кезиктирет...
Бизнестин артынан дүнүйөгө кызыгып кеткен Райымкул баласы Азаматты чоң атасы Жакыпка тапшырат. Чоң атасы Азаматты кыргызча тарбиялап, жоокер өнөрү — кулатуу менен машыктырат… Ал эми атасы Райымкул криминалдык чөйрөгө байланышып кетет...